Skip to content
Human Rights Measurement InitiativeHuman Rights Measurement Initiative
  • Кыргыз тили
    • English
    • Français
    • Español
    • Português
    • Русский
    • 简体中文
    • العربية
    • हिन्दी
    • 한국어
    • বাংলাদেশ
    • ไทย
    • Tiếng Việt
    • Indonesia
  • Use our dataExpand
    • Go to the Rights Tracker
  • See our impact
  • Get involved
  • About HRMI

  • Кыргыз тили
    • English
    • Français
    • Español
    • Português
    • Русский
    • 简体中文
    • العربية
    • हिन्दी
    • 한국어
    • বাংলাদেশ
    • ไทย
    • Tiếng Việt
    • Indonesia

Human Rights Measurement InitiativeHuman Rights Measurement Initiative

Сурамжылоо респонденттери үчүн көп берилүүчү суроолорго жооп

  • English
  • Français
  • Español
  • Português
  • Русский
  • 简体中文
  • العربية
  • हिन्दी
  • 한국어
  • বাংলাদেশ
  • ไทย
  • Tiếng Việt
  • Indonesia
  • Кыргыз тили

Адам укуктарын баалоо демилгеси? Хер-ме? Хер-ми?

“Адам укуктарын баалоо демилгеси”нин аталышы бир аз узун, ошондуктан биз аны кыскача HRMI деп атайбыз, “хер-ми” деп айтылат.

“Өлкөлөрдөгү адам укуктарынын абалы боюнча салыштырмалуу маалыматтар өкмөттөрдү жоопко тартууда пайдалуу. Адам укуктарын баалоо демилгесинин иши дүйнө жүзү боюнча укук коргоочулардын эң жакшы маалыматтарды чогултуу жана бөлүшүү жана натыйжаларды колдонуу боюнча кызматташтыгынан көз каранды.”

Кен Рот, Укук коргоочу, аткаруучу директору

HRMI — мамлекеттердеги адам укуктарынын абалын көзөмөлдөө боюнча биринчи дүйнөлүк долбоор. Муну жасоонун негизги жолдорунун бири – жылдык HRMI сурамжылоо аркылуу жыл сайын маалымат чогултуу.

Human Rights Watch аткаруучу директору Кен Рот айткандай: “өлкөлөрдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө салыштырмалуу маалыматтар өкмөттөрдү жоопко тартат. Адам укуктарын баалоо демилгесинин иши дүйнө жүзү боюнча укук коргоочулардын эң жакшы маалыматтарды чогултуу жана бөлүшүү жана натыйжаларды колдонуу боюнча кызматташтыгынан көз каранды.”

Өлкөлөр боюнча отчет баракчадан сиз биздин маалыматтар жыйнагына кирген өлкөлөрдүн эң акыркы тизмесин таба аласыз.

Бул жерде сурамжылоо кандайча иштейт жана катышуу жол-жобосу жазылган .

Көп берилүүчү суроолор

Ар бир өлкөнүн жалпы адам укуктарынын абалы боюнча эң так маалымат жергиликтүү жана аймактык укук коргоо адистеринен алынат.

Биз атайын онлайн анкета иштеп чыктык, анда дүйнө жүзүндөгү укук коргоо кызматкерлерине алардын өкмөтү өз өлкөсүндөгү адам укуктарын канчалык деңгээлде урматтайт деген суроолорду берет.

Биздин методология боюнча изилдөө жана долбоорлоо боюнча жетекчиси Доктор К Чад Клэй Джорджия университетинин саясат таануучулар тобун жетектейт, алар сурамжылоону кылдаттык менен иштеп чыгышкан жана сурамжылоого катышкан респонденттерден алынган маалыматтарды талдап чыгышкан. Алар өлкө аралык салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана ар бир өлкө үчүн айкындыктын чен-өлчөмдөрүн эсептөө үчүн алдыңкы статистикалык ыкмаларды колдонушат. Сурамжылоонун методологиясы тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз.

Канчалык көп укук коргоочулар катышса, маалыматтар ошончолук күчтүү болот.

HRMIнин жылдык маалымат чогултуусуна катышуу утушка ээ болгон иш. Сиздин билимиңизди биз менен бөлүшүүгө жумшаган 30-60 мүнөттүк салымыңыз сиздин өлкөңүздүн адам укуктарынын абалын көз карандысыз деталдаштыруучу дүйнөдөгү алдыңкы маалыматтарга жана көрсөткүчтөргө ээ болот дегенди билдирет. Канчалык көп укук коргоочулар катышса, маалыматтар ошончолук күчтүү болот.

Ар бир адам биздин бардык маалыматтарыбызга, акысыз, биздин Адам укуктарын көзөмөлдөө/байкоо аркылуу кире алат.

Байкоочулар жана укук коргоочулар биздин маалыматтарды, ошондой эле өз эмгектериндеги башка маалыматтарды өкмөттөргө жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экендигин көрсөтүү үчүн, атүгүл ушул сыяктуу өлкөлөр менен туура атаандаштыкты жаратуу үчүн колдоно алышат.

Биздин сурамжылоонун респонденттери – адам укуктарын изилдөөчүлөр жана практиктер, алар биз маалыматтарды чогулткан өлкөлөрдүн кайсынысында болбосун абалды байкап турушат. Биз издеп жаткан адамдардын түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Укук коргоочулар (изилдөөчүлөр,талдоочулар, башка практиктер), алар сурамжылоо өлкөсүндөгү жарандык жана саясий укуктарды көзөмөлдөшөт. Алар эл аралык же жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмда же жарандык коом уюмунда иштеши мүмкүн.
  • Адам укуктарын коргоочу-юристтер.
  • Сурамжылоо журуп жаткан өлкөдогу адам укуктарын чагылдырган журналисттер.
  • Сурамжылоо журуп жаткан өлкөнүн Адам укуктары боюнча Улуттук институтунда (NHRI) иштеген кызматкерлер, эгерде ал Париж принциптерине толук жооп берсе, анын ичинде анын мандатын аткарууда толук көз карандысыз болсо.

Кабатыр болбоңуз – биз билебиз, көпчүлүк адамдар биз сурай турган бардык тармактарда адис эмес.

Биздин сурамжылоо моделибиз/улгу муну эске алат жана жооптор ар кандай эксперттик билими бар адамдардан келет деп болжолдойт. Эгер ар бир адам бардык суроолорго жооп берсе, анда алар эң жакшы билген тармактарды гана тандашат, ошондуктан биз сурамжылоону жакшыраак маалымат алуу үчүн иштеп чыктык.

Мунун себептеринин бири – психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар канчалык билимдүү экенин дайыма эле жакшы түшүнө бербейт. Эгерде биз адамдарга айрым суроолорго гана жооп берүүгө уруксат берсек, анда пайдалуу маалымат бере турган адамдардын жоопторун байкабай калышыбыз мүмкүн.

Адам укуктары жаатында иш алып барган адам катары, сиз, балким, бардык тармактарда адис болбосоңуз дагы, адам укуктарынын көпчүлүк тармактары жөнүндө орточо статистикалык адамга караганда алда канча көп нерсени билесиз. Ошондуктан, сизде болгон бардык билимге таянып, бардык суроолорго жооп берүүгө чакырабыз. Биздин методология ар кандай жоопторду чечүү үчүн атайын иштелип чыккан, алардын айрымдары башкаларга караганда тажрыйбалуу адамдардан келип чыгат.

Көпчүлүк учурларда, сурамжылоого катышкандар маалымат берген өлкөдө жашашат, бирок өзгөчө учурлар да бар.

Өлкө укук коргоочуларга канчалык ыңгайсыз болсо (мисалы, Сауд Арабиясы) же кризиске учураса (мисалы, Конго Демократиялык Республикасы, Венесуэла), башка жерде жашап жаткан сурамжылоого катышкан респонденттердин саны ошончолук көп болот.

Ошондой эле, бейөкмөт уюмдардын кээ бир адам укуктары боюнча изилдөөчүлөрү бир нече өлкөгө көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн жооптуу, ошондуктан алар жашабаган өлкөлөр тууралуу суроолорго жооп берүүгө укуктуу болот.

Көз карандысыздыгыбызды камсыз кылуу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо үчүн, биз мамлекеттик кызматкерлерден же мамлекеттик өкмөттүк эмес уюмдардан маалымат чогултпайбыз.

Биз негизги булактарга ээ болгон жана көбүнчө жер-жерлерде адам укуктары боюнча маалымат алуу үчүн биринчи байланышуучу респонденттерди издейбиз. Ушул себептен, биз адам укуктары боюнча илимпоздорду сурамжылоого катышууга чакырбайбыз, эгерде алар баштапкы маалымат булактары менен иштеген практиктер болбосо.

Ошондой эле, адам укуктары боюнча билими алардын жеке тажрыйбаларына гана негизделген адам укуктарынын бузулушунун курмандыктары менен иштебейсиз.

Жок. Сурамжылоонун жооптору ар дайым сурамжылоону толтурган адамдын билимин жана түшүндүрүүсүн чагылдырышы керек, ал эми кесиптештер тобунун жамааттык көз карашын же алар иштеген уюмдун расмий кызмат ордун эмес. Респонденттердин саны канчалык көп болсо, ошончолук жакшы болот, анткени ар кандай адамдар ар кандай билим базаларына ээ болушат жана ушул базалардын бардыгына таянып, биз эсептөөлөрүбүздүн негиздүүлүгүн эсептөө үчүн жооптордун айырмачылыктарын колдоно алабыз.

Эгер сиз өз өлкөңүз үчүн сурамжылоого катышууга чакырылган болсоңуз, сизге коопсуз каттоо/макулдук формасы менен шилтеме жөнөтүлөт. Сураныч, аны толтуруңуз. Бул болжол менен 30 секунд талап кылат.

Эгер сиз өз өлкөңүз үчүн сурамжылоого катышууга чакырылган болсоңуз, сизге коопсуз каттоо/макулдук формасы менен шилтеме жөнөтүлөт. Сураныч, аны толтуруңуз. Бул болжол менен 30 секунд талап кылат. Катталган ар бир адамга сурамжылоонун өзүнө бир жолу колдонулуучу уникалдуу шилтеме жөнөтүлөт.

Эгер сиз катышууга чакырылган болсоңуз, биз сизге башка кесиптештериңизди же сурамжылоонун респонденттери боло турган адамдарды сунуштоону суранабыз. Сиз муну өлкөңүздүн HRMI элчисине сунуштоо менен же HRMIге survey@humanrightsmeasurement.org дарегине электрондук кат жөнөтүү менен жасай аласыз. Сурамжылоонун өзүндө башка потенциалдуу сурамжылоого катышкан респонденттерди сунуштоо үчүн боштук да болот.

Сурамжылоо шилтемелери февраль жана март айларында жөнөтүлөт.

Биз кээ бир адамдардан HRMI сурамжылоо электрондук почтасы автоматтык түрдө спам папкасына тушуп калаарын уктук. Бул маселени алдын алуу үчүн биздин домен атыбызды ( @humanrightsmeasurement.org ) коопсуз жөнөтүүчүлөрдүн тизмесине кошуңуз. Бул сурамжылоонун сиздин почтаңызга жеткирилишин камсыздайт.

Биз сурамжылоодо респонденттердин коопсуздугуна жана маалымат коопсуздугуна өтө олуттуу көңүл бурабыз. Каттоо формасында берген маалыматыңыздын купуялуулугуна ынануу үчүн биз кантип иштеп жатканыбызды бул жерден окуй аласыз.

Сурамжылоонун өзү купуя жана анонимдүү болгондуктан, эч ким сиздин жоопторуңузду сиздин атыңыз менен байланыштыра албайт.

Биз ар бир потенциалдуу респонденттин бизге керектүү маалыматка ээ адамдар экенине ынануу үчүн жекече текшере албайбыз. Биз HRMI өкүлдөрүнө ишенебиз, алар өз өлкөсүндөгү мүмкүн болушунча көп потенциалдуу сурамжылоо респонденттери менен байланышып, жергиликтүү тилдеги котормолорду текшерүү сыяктуу сурамжылоонун башка иштери менен жардам берет. Өкүлдөр жергиликтүү практиктер менен байланышканда, алар сурамжылоого башка потенциалдуу респонденттерди дайындашат, муну биз кар тобунун эффектиси деп атайбыз.

Башка сөз менен айтканда, биздин HRMI өкүлдөрү мүмкүн болгон сурамжылоого катышкан респонденттерге жакындоо менен, аларды катышууга чакыруу менен кар тобун башташат. Андан кийин биз ошол адамдардын баарынан дагы кобуроок адамдарды сунуштоосун суранабыз.

Биздин өкүлдөрүбүз абдан көп жардам беришет! Биздин команда баракчабыздан аты-жөнү ачык болгон элчилерибиз менен тааныша аласыз.

Бул жерде биздин Мозамбиктеги өкүлүбүздүн Дэвид Мацинхе менен болгон кыскача видео маеги, ал Amnesty International уюмунун Түштүк Африканын Лусофон өлкөлөрүнө көзөмөлдөө жүргүзүү боюнча адистешкен изилдөөчүсү:

Бир нече элчилерибиз YouTube каналыбыздагы башка видеолордо да көрсөтүлөт.

Рахмат!

Биздин эң алдыңкы маалыматтар жана көрсөткүчтөр дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн укук коргоочулардын бизге убактысын жана билимин сунуштап жатканына таянат. Биз муну абдан баалайбыз.

Эгерде сиз HRMI сурамжылоосуна катышып жатсаңыз, биз сизге чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Сизсиз биз муну кыла алмак эмеспиз.

Twitter Facebook YouTube Linkedin
Go to the Rights Tracker

HRMI Privacy Policy

Web site content © HRMI. Unless otherwise noted, all content is licensed under a Creative Commons Attribution-Non Commercial 4.0 International license.

We'd like to store cookies and usage data to improve your experience.

For any website to function, it is necessary to collect a small amount of user data, so by continuing to use this website, you are consenting to that. To find out more, please read our Privacy Policy

Functional Always active
The technical storage or access is strictly necessary for the legitimate purpose of enabling the use of a specific service explicitly requested by the subscriber or user, or for the sole purpose of carrying out the transmission of a communication over an electronic communications network.
Preferences
The technical storage or access is necessary for the legitimate purpose of storing preferences that are not requested by the subscriber or user.
Statistics
The technical storage or access that is used exclusively for statistical purposes. The technical storage or access that is used exclusively for anonymous statistical purposes. Without a subpoena, voluntary compliance on the part of your Internet Service Provider, or additional records from a third party, information stored or retrieved for this purpose alone cannot usually be used to identify you.
Marketing
The technical storage or access is required to create user profiles to send advertising, or to track the user on a website or across several websites for similar marketing purposes.
Manage options Manage services Manage {vendor_count} vendors Read more about these purposes
View preferences
{title} {title} {title}
  • Use our data
    • Go to the Rights Tracker
  • See our impact
  • Get involved
  • About HRMI
Search